Биз жөнүндө

Мектеп 1928-жылы негизделген

Биз жөнүндө

1957- жылы  7жылдык мектеп болуп негизделген

Биз жөнүндө

1993-жылы октябрь айында Кара-Жыгач орто мектебине Каратал Табалдиновдун наамы берилген

Биз жөнүндө

Мектептин техникалык паспортуна ылайык мектеп имаратынын техникалык көрсөткүчтөрү  төмөндөгүдөй:

  • Долбоордук кубаттуулугу 1200 орундуу, 2007-жылдан бери долбоордук кубаттуулугу 960 орундуу ,ошол эле жылдын ичинден 140 орундуу бала бакча ачылган .
  • Учурдагы окуучулардын саны 1111
  • Мектептин жалпы аянты 8210м², анын ичинен 865м²тын бала бакча ээлейт.
  • Окуу кабинеттеринен сырткары жайлар 2100м ² ээлейт.
  • Азыркы учурда жабдылган окуу кабинеттеринин саны-35

Каратал Табалдинов атындагы ЖББ Кара-Жыгач орто мектеби өзүнүн иш-аракеттерин төмөнкү укуктук –нормативдик документтерге таянып алып барат:

  • Юридикалык кыттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк жана Чүй облусунун башкармалыгы тарабынан бекитилген устав (күбөлүк 0081227 ГПР 04.04.19ж.№83753-3308-У-е,ОКПО коду 22807140)
  • Окуу планын, штаттык жүгүртмөнү Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү бекиткен.
  • Акыркы окуу жылында мектепти 55 бүтүрүүчү аяктады.
  • Билим берүүнүн сапатын камсыз кылууу боюнча иштердин натыйжалуу көрсөткүчтөрүнүн бири брлуп 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияда жараткан ийгиликтери саналат. Ушул жылдар аралыгында окуучулардын билим сапатынын деңгээли 100пайыздык көрсөткүчтөн төмөндөбөй келүүдө. Акыркы 5жыл ичинде Жалпы  Республикалык Тестирлөөнүн  орточо баллы 112,эң жогоркусу 178 баллды түздү. Учурда мектепте 1111 окуучу билим алууда.
  • 2020-2021- окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 1071 окуучу, алардын ичинен -103 отличник, •311ударник. Жетишүүсү -100 %, билим сапаты-43%.
  • Мектеп республикалык, аймактык,райондук иш-чараларга катышып байгелүү орундарга ээ болду.
  • Мектептин көздөгөн максаты –“окуучуларга инновациялык ыкманы пайдаланып,өткөн сабак аркылуу натыйжалуу, сапаттуу билим берүүгө болот. Окуутунун базалык стандартын коомдун социалдык абалын эске алуу окуучунун ден соолугун сактайт”.
  • Мектепти жогорку теориялык, усулдук жактан жогорку деңгээлдеги команда иш алып барат

 

  • Абдракманова Анаркүл Аскаровна –мектептин мүдүрү , жалпы педагогикалык эмгек стажы 33 жыл. Мүдүрлүк кызматта 6 жыл. “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”(тел.0700430376).
  • Бикиева Касипа Абдыкадыровна –окуу иштери боюнча мүдүрдүн орун басары, жалпы педагогикалык эмгек стажы 35жыл , азыркы ээлеген кызмат ордунда 8 жыл (тел.0778319716).
  • Күмүшбекова Калипа Токоновна – башталгыч класстарынын окуу тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары ,жалпы педагогикалык эмгек стажы  38жыл,азыркы ээлеген кызмат ордунда 15жыл.
  • Муканбетова Нурия Джумагуловна _мектептен жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу ,жалпы педагогикалык эмгек стажы 28 жыл, ээлеген кызмат ордунда 11жыл.